7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азиз Мурадиллаевге чогулган акчанын 65 миң сому операцияга муктаж кызга берилди (ВИДЕО)

1358

Бүгүн, 5-декабрда Бишкекте КРнын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин абалы, ага чогултулган каражат боюнча маалымат жыйын өттү.

Ассоль Молдокматова жалпы кыргыз элине жана президентке ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, акча чогултулуп баштагандан бир нече сааттан кийин ал президентке кайрылган, 40 мүнөттөн кийин эле Азиз Мурадиллаевдин операциясы үчүн 42 миң доллар акча президенттен алып келишип, жубайынын колуна тапшырышкан.

“Бир түндө 3 миң доллардан ашык акча чогултулган. Учурда Мурадиллаевдин абалы оор, ал реанимацияда. Биз акча чогултууну токтоткондо, 1 миллионго жакын акча чогулган. Түнү менен көп бөлүшүүлөр болуп, 1,5 миллион 65 миң сом болду. 1,5 миллион сомду апасынын колуна тапшырабыз. Жалпы чечим чыгарып, 65 миң сомду жүлүнүн алмаштыруу операциясына муктаж болуп жаткан Жамиля аттуу кыздын  апасына тапшырабыз,”- деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин операцияга 45 миң доллар керек экендиги айтылган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1359