7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн 28 жаштагы жигитти издөөгө 300дөн ашуун адам тартылды

506

Аламүдүн капчыгайында жоголгон 28 жаштагы жаранды издөөгө бүгүн, саат 08:00дө жалпы 312 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын 188и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, курамында кинолог 10 дрон менен ИИМден 120 кызматкер 2дрон, Инсараг тобунун 4 адиси 2 дрон менен издөө ишин алып барышат.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

 

507