7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Артем Новиков, БШК жана ИИМ аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берет

270

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда саат 11:00дө мамлекеттик органдардын айрым жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.


Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президенттик шайлоо учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар каралат.


«Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана ички иштер министри Улан Ниязбеков республика аймагында коронавирус инфекциясы шартында Кыргыз Республикасынын Президентинин кезексиз шайлоосун уюштуруу жана өлкөдө мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришет», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

271