Бүгүн, 3-октябрдан 7-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайы (темир жолдун 3886-чакырымы), кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.
30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Белгилей кетсек, иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.