7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында ЖЕЭК жыйыны өтөт

605

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

ЖЕЭК жыйынына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылат. Отурум УТРК, республикалык, облустук каналдардын эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз көрсөтүлөт. Жыйын саат 12:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

Учурда Александр Лукашенко менен Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке учуп келишти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

606