Кыргызстанга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Россиянын президенти Владимир Путинди Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Россиянын президенти Владимир Путин Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.