Бүгүн, 12-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Айсулуу Тыныбекова күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат. Ал бразилиялык-казакстандык Марат Гарипов менен венгриялык Кристиан Кечкеметинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.
Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалынан баштап күчүн сынайт. Тыныбекова венгриялык Биляна Дудова менен франциялык Амелин Дуардын жеңүүчүсү менен килем үстүнө чыгат.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту