Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 12-сентябрда болжол менен 9дар чамасында болгон. Анда «Тойота Королла» унаасы күн чыгышты көздөй бара жатып, Малдыбаев көчөсүнүн кесилишинде аял кишини сүзүп алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген»,- деп билдиришти милициядан.