Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде тазалоо иштери жүргүзүлүп, курчоого алынат.
Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде бүгүн, 20-сентябрдан тартып чек ара тилкелеринде снаряддар, миналар, ок-дарылар жана башка жарылуучу куралдар жарылбай калган аймактардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.
Миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчоого алынып, кайтарууга алынат.
Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.
Буга байланыштуу УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана тиешелүү маалыматтарды чек ара тарамдарынан же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тактоого чакырат.