Бүгүн, 25-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт. Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32,
- Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28,
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,
- Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,
- Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 21…26,
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9°.
- Бишкекте түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32° болот.