7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгизат колдонуп, аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалды

389

Баңгизат колдонуу, сактоо фактысы боюнча жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ысык-Көл облусунун К.Н. аттуу тургунунун арызынын негизинде баңги каражаттарды колдонуу, сактоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле жубайына карата системалуу түрдө үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү боюнча К.К.С.га карата тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын жашаган жана иштеген жери боюнча сот тарабынан санкцияланган тинтүү иштеринин жүрүшүндө жалпы салмагы 55 грамм болгон кочкул жашыл түстөгү зат (болжолдуу-гашиш) табылып алынган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде К.К.С. аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 

 

390