Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматы ири өлчөмдө баңгизат сатып жүргөн жаранга издөө жарыялады. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районунда туулган, убактылуу Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айылында жашаган 1987-жылы туулган Гүлжигит Абдыкаарович Калыковго издөө жарыялайт. Шектүү козголгон кылмыш кодексинин 282-беренесинин алкагында козголгон кылмыш иши боюнча тергөөгө келбей койгон. Ош шаардык соту тарабынан үй камагына 22-апрелде чыгып, ошол боюнча изин жашырып кеткен.
Бою 170-175 см, арык чырай, өзгөчө белгилери жок.
Жогорудагылардын негизинде издөөдө жүргөн Гүлжигит Абдыкаарович Калыков тууралуу кандайдыр бир маалыматтарыӊыз болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө 0557-78-01-79, 0700-45-89-89, 03222-4-82-82 телефон номерлери аркылуу кабар берип коюушуӊуздарды милиция суранат.