ИИМдин тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын майору Ш.С.К. 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Кармалган тергөөчү Ю.А.Х. аттуу ортомчу жаран аркылуу тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн Э.у.У. аттуу жарандан 4 миң доллар талап кылганы аныкталган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү Ш.С.К. жана ортомчу Ю.А.Х. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалап акча алуу фактылары катталган учурда төмөнкү телефондорго 0312 66 04 75; 62 65 04. Кайрылууңуздарды өтүнөт.