7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгизаттарды мыйзамсыз алып жүргөн трансулуттук топ кармалды

536

Баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКДан билдирди.

Алыскы жана жакынкы аймактарга, чет өлкөлөргө, Кыргыз Республикасына, андан соң коңшулаш Казакстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасына баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу каналын уюштуруу аркылуу, көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, масштабдуу оперативдүү иштердин натыйжасында Бишкек шаарындагы кампалардын биринен жалпы салмагы 4 тоннадан ашкан ири көлөмдөгү апийим куурайы аныкталган. КР жарандары А.Ф.К. жана А.А.К. кармалды.»Кодеин» жана «Морфин» баңги жана психотроптук заттарын камтыган апийим куурайынын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы 350 килограммга жакынды түздү.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

537