7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду (ФОТО)

591

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 3-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” өткөрмө постунан Талас облусунун тургуну кармалган.

Текшерүү учурунда шектүүнүн жанынан болжолдуу түрдө синтетикалык, жалпы салмагы 1105 граммды (1,105 кг) түзгөн баңгизаты табылган.

Кылмыш ишинин алкагында бул кылмыштуу топтун активдүү катышуучуларынын бири дагы кармалган. Шектүүлөр Ш.А.Д. жана З.Э.З. Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган.

Азыркы учурда баңгизатынын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка башка дагы тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592