7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байге фонду 1 млн сом. Бишкекте республикалык айтыш өтөт

600

Төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти

Иш-чара президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында жана Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган.

Айтыштын тандоо туру 15-ноябрда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук косерваториясында өтөт. Башталышы саат 10:00. Кирүү акысыз.

Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат. Билет баасы 500 сом.

Сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт. Суроолор боюнча байланыш номери: 0709665202

601