7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байсалов Баткендеги тойканага ижара төлөп иштеп жаткан облустук китепканага барды

652

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облустук гимназия жатак мектебине барды.

«Өлкөнүн келечеги — билимдүү жаштарда. Биз жаңыча ой жүгүрткөн, дүйнө элин таң калдыра турчу жаштарды тарбиялашыбыз керек. Бүл үчүн билим берүүнүн сапатын дагы өзгөртүү зарыл. Мындан ары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулмакчы. Өнүккөн, күчтүү мамлекетти курууда билимдүү жаштарыбыздын орду чоң», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Өз имараты жок, тойканада ижара төлөп иштеп келе жаткан Баткен облустук китепканасына барып, ал жердеги көйгөйлөр менен таанышты.

«Китепкана бул куттуу жер. Буга чейин ушундай куттуу жерлер көз жаздымда калып, көңүл бурулбай келгени чындык. Эми андай болбойт. Президентибиз, Министрлер Кабинетинин Төрагасы дагы социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурууну тапшырып жатат. Биз жакыр өлкөбүз деген синдромдон баш тартып, өз күчүбүз менен калкка мамлекеттик тейлөө көрсөтүүчү, адамдар өз потенциалын өстүрүүчү жайларды курабыз», — деди Эдил Байсалов.

Андан соң ал Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, ал жерде иштеп жаткан жамаат менен жолугуп, пикир алышты.

Эдил Байсалов жолугушуу учурунда Баткен облусу өзгөчө статуска ээ болгонун, бийлик тараптан облустун потенциалын көтөрүү үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653