7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 312 жарнама конструкциясы алынды

513

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси, райондук администрациялар Бишкек шаарынын борбор көчөлөрүндө тиешелүү документтери жок орнотулган көрнөк-жарнактарды алып жатышат. Бул тууралуу Бишкек шардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 312 жарнама конструкцияларды демонтаждады. (штендерлер, баннерлер, илмек)

Свердлов районунда төмөнкү даректер боюнча 118 конструкция алынды:-Чүй проспектисинде Төрөкул Айтматов көчөсүнөн баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
-Мамбетов көчөс Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө  чейин.
Ленин районунда 46 даана төмөнкү дааректе:
-Манас проспектисинде Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө  чейин.
Октябрь районунда 84 жарнак алынды:
-Байтик Баатыр көчөсүндө Семетей көчөсүнөн  Магистраль көчөсүнө чейин;
-Чынгыз Айтматов проспектиси  Семетей көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Биринчи май районунда 64 конструкциялар алынды:
-Манас проспектисинде Ахунбаев көчөсүнөн баштап Чүй проспектисине чейин.

Ошондой эле “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 277- беренесине ылайык, 112500 сомго 10 протокол түзүлдү.

«Урматтуу шаардыктар! Өзүм билемдик менен орнотулган көрнөк-жарнактарды өз ыктыярыңыздар менен алууну суранабыз. Эгерде жогорудагы айтылган талаптар аткарылбаса тиешелүү кызматтар тарабынан бузуу иштерин жүргүзүүгө туура келет жана КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 277 -бернесине ылайык, айып пул салынат (жеке жактарга – 5 500 сом, юридикалык жактарга – 17 000 сом)»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514