Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.