7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Орунбеков: «Эркин тоо» гезитинин 100 жылдык тарыхын камтыган китеп жакында, ноябрда, чыгат

485

Белгилүү журналист, «Кыргыз туусу» гезитинин (алгачкы аты «Эркин тоо») эки жолку мурдагы баш редактору Бакыт Орунбеков: «Эркин тоо» гезитинин 100 жылдык тарыхын биз «Манас» университетинде жазып бүттүк, китеп жакында, ноябрда, жарыкка чыгыш керек. Кыргызстанда мурда бир гезиттин 100 жылдык тарыхы жазылган эмес го. Мындан 2 жыл мурда мен «Советтик кыргыз журналистикасы» деген китеп чыгаргам, ал – СССРдин акыркы 30 жылында, «өнүккөн социализм» учурунда, Кыргызстандагы журналистика кандай болгонун чагылдырат. Аны биз «оозеки тарых» стилинде жасадык…

«Кыргыз туусу» гезитине мен 2 жолу баш редактор болдум – 2 жолу тең революциялардан кийин иштедим. Биринчи жолу 2005-жылы Аскар Акаев президенттиктен кулатылгандан кийин, андан соң 2010-жылы президент Курманбек Бакиев кызматтан кетип, Убактылуу өкмөт бийликке келгенде алардын чакыруусу менен кайрадан ошол эле кызматка келдим. Эки жолу тең биз эски стереотиптерди бузуп, жаңыча иштөөгө, мурдагы кемчиликтерди оңдоого аракет кылганбыз, абдан чоң стресс болгон…

486