Ар бир ата-эне өз баласын сүйөт жана анын бул жашоодо өзүнүн ордун таап , жакшы адам болуусун каалайт эмеспи. Баланы укканды, ар бир учурда ага колдоо көрсөтүүнү, кээ бир кемчиликтерине көз жумганды түшүнө албаган ата-энелер көп кездешет. Балаңызды кичинекей кезинен баштап эмнеге кызыгаарын сурап, жөндөмдүүлүгүнө жараша жардам бериңиз. Ушундай үй-бүлөдө тарбия алып өскөн баланын келечеги кең болот деп ишенебиз.
Бизден сизге баланы тарбиялоодо 6 кеңеш:
1. Балаңыз сиздей же сиз каалагандай болот деп күтпөңүз. Ага бул жашоодо өзүнүн ордун тапканга жардам бериңиз. Баланын келечекте ким болуусун чечип койгон ата-энелер жок эмес. Мисалы, энеси уруксат берсе, атасы тыюу салып коет. Мындай учурда баланын өзүнө болгон ишеними жок болуп калат. Анткени эки жактан карама-каршы мамиле , баланын психикасына терс таасирин тийгизет. Ошондон улам бала көп учурда калп айтып, ал нерсе адатка айланып баштайт.
2. Кээ бир үй-бүлөөдө балага жакшы тарбия берем деп тыюу салып, каттуу кармаганга аракет жасашат. Айрымдары бала укпай калса , же болбосо өзү каалаган нерсени жасаса каттуу жазага тартып, ар кандай жаман сөздөр менен урушат. Мындай ыкма менен тарбияланган балдар агрессивдүү жана коркок болуп чоңоет.
3. Баланы башкалар менен салыштыруу. Эзелтеден «элдин баласы» деген кеп бар. Эгерде бир ишти туура эмес жасап койсоң, же колуңдан келбей калса «эмнеге баланчанын баласы мындай, сен андай эмессиң?» деген сөздү угасың. Башка бирөө менен салыштыруу баланы өзүнө ишенбөөчүлүккө алып барат.
Чындыгында бала кандай болсо, аны ошондой кабыл алганды, анын кемчиликтерин оңдоого жардам бергенди, баланы колдоону үйрөнүңүз.
4. Көңүл буруунун жетишсиздиги. Күнүмдүк жашоодо жумуш менен алек болуп жүрө берип жакындарыбызга көп учурда көңүл бура албай калабыз. Баланын кызыгуусуна, жасаган иштерине маани берилбей жатып, натыйжада бала менен ата-эненин ортосундагы болгон жылуу мамиле солгундап кетет. Бала өзүн жалгыз сезип, кийин ошол нерсеге көнүп, ата- энеси менен жашоосунда болуп жаткан көп нерсесин бөлүшпөй калат.
5. Өтө эле ашыкча кам көрүү. Мындай учурда бала ушундай мамилеге биротоло көнүп калып, чоңойгондо өз алдынча боло албай калат. Анткени кичинесинде айланасындагы жакындарындынын аёо мамлесине, ар бир кылган иштерине аралашканына, ар дайым жардам берип , анын ордуна жасап койгонго көнүп калат да, бир нерсеге умтулуу аракети болбой калат. Ал үчүн баардык нерсени ата-энеси бүтурүп коет. Убагында жакшы сезилгени менен бала чоңойгондо мындай тарбиянын бир топ эле зыянын тартат. Мындай тарбия өскөн балдар көпчүлүк менен тил табыша албай кыйналышат жана өз алдынча бир нерсени жасай албагандыктан, ийгиликке жетүү кыйыныраак болот.
6. Баланы коркутуу. “Бол батыраак, болбосо, таштап кетип калам”, «Уктабасаң желмогуз жеп кетет» жана башка алдап, коркутуп сүйлөгөн сөздөр туура эмес. Балдар ата-энесиз калгандан, жалгыздыктан аябай коркушат. Эгерде ар дайым эле коркута берсеңиз, бул нерсенин жалган экенин билгенден кийин сизге болгон ишеничи азайып, убакыт өткөндөн соң такыр ишенбей калат. Чоңойгондо балаңыз башкаларга дагы калп айтып, жашоосуна терс таасирин тийгизет…