2024-жылдын 21-апрелинен 27-апрелге чейинки окуялар тууралуу журналист, коомдук ишмер Абдыкадыр Султанбаев менен маек.
Негизги окуялар:
– Садыр Жапаров 24-25-апрелде Азербайжанда мамлекеттик сапар менен болду. Анын алдында Казакстанга расмий сапар жасаган.
– Азербайжандагы Карабактын Агдам районундагы Хыдырлы айылында Кыргызстан азери тарапка белек катары мектеп куруп бермей болду.
– Эмилбек Жусупов деген Жогорку кеңештин депутаты өз мандатын тапшыруу тууралуу БШКга кайрылгандыктан, анын ордуна «Ишеним» фракциясынан Советбек Рустамбек уулу депутат болду.
– Жогорку кеңештин дагы бир депутаты – Максатбек Сарбагышев – мандатын тапшырды, эми Көлдө жаңы шайлоо өткөрүлөт.
– Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев менен тирешкен депутат Жусупбек Коргонбай уулу дагы мандатын тапшырды. Эми Ноокатта дагы жаңы шайлоо өткөрүлөт.
– Эртең, 28-апрелде, Баткен, Ош жана Кара-Сууда шайлоо өткөрүлөт, депутаттар Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмонов февралда мандаттарын тапшырганан кийин Жогорку кеңеште 3 бош орун пайда болгон.
– Адахан Мадумаров бейшемби күнү боштондукка чыкты, ал эми анын эртеси, жума күнү, Боршайком сот чечимин эске алып, аны депутаттык мандатынан ажыратып салды.
– Алматыдан Кара-Балтага бараткан жеринен 22-апрелде KG Group компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов кармалды.
– Кыргызстанга Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон келип, президент Жапаров, премьер Жапаров, тышкы иштер министру Кулубаевдер менен жолугуп кетти. Кэмерон мурда 6 жыл Британиянын премьер-министри болгон.
– Улуу Британиянын «Конкрит канвас» деген ишканасынын технологиясы менен Ошто ишкана ачылмай болду. Ал тууралуу ноябрда Британияга барганда Акылбек Жапаров сүйлөшүп келген экен.
– Бишкекке АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм келип кетти. Ошондой эле, Франциянын Сенатынын өкүлчүлүгү дагы келип (Эрве Морэ), алар Нарын, Каракол, Жыргалаң, Көлгө барып келди.
– Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавында жашаган жүзгө жакын үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүлүп, Өзбекстан берген 208 га жерге жайгаштырыла баштады.
– Орусиянын Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко Кыргызстанга келип, Аламүдүн району менен Тосно району ортосундагы кызматташуу түзүлө баштады.
– Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Шанхай кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлеринин Астана шаарында өткөн жыйынына катышып келди.
– Amnesty International 2023-жыл үчүн отчётун чыгарып, 155 мамлекеттеги абалды чагылдырган, адам укуктары жана сөз эркиндигин чектөө боюнча Кыргызстан сынга алынган.
– Саха-Якутиянын Опера жана балет театры Бишкекке келип, оюн коюп кетти.
– Бегалы Наргозунун «Жылкычы чымчык» деген көркөм тасмасы Франциянын Ницца шаарында май айында өтө турган фестивалга катышмай болду.
– Акылбек Жапаров 25-апрелде коллегия өткөрүп, 2024-жылы ички дүң өндүрүм 1 трлн 400 млрд сомго жетээрин, биринчи чейректе өсүш 8,8% болгонун, бюджет болсо быйыл 600 млрд сом, 3 жыл ичинде бир триллион сомго жетээрин айтты.
– Акылбек Жапаровдун айтымында, быйыл Кыргызстандагы экономикалык өсүш 7 пайыздын тегерегинде болмокчу. 2021-жылы 5,5% болуптур.
– Андан тышкары, Акылбек Жапаровдун айтымында, киши башына туура келген дүң өндүрүм азыр 2 миң долларга жетип калды. Көп жылдар бою бул көрсөткүч 1000-1200 доллар болуп келген.
– Ошол эле коллегияда Акылбек Жапаров айрым министрлерге сөгүш же эскертүү жарыялап, өкмөт мүчөлөрүнө той жана башка салтанаттарга катышууга тыюу салды.
– Президент Садыр Жапаров дагы баш прокурор Курманкул Зулушевге жана экология министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берди.
– Акылбек Жапаров Американын Сан-Франциско шаарында «Эппл» компаниясынын баш кеңсесинде кызматташуу тууралуу сүйлөштү жана ал жерде Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды.
– 20-23-апрелде , 3-4 күндүн ичинде 70ке жакын сел жүрүп, бир миңден ашык кожолук жана 250дөн ашык турак үй суу алдында калган.
– 23-апрелде Каныбек Иманалиев Кыргызстандын жазуучулар бирикмесинини төрагасы болуп шайланды.
– Мээрим Жуманазарова менен Амантур Исмаиловдор Париждеги олимпиадага жолдомо алды жана аны менен азыр Кыргызстандын колунда 9 лицензия бар. Мурда 7 спортчу – Акматалиев, Шаршенбеков, Тыныбекова, Медет кызы, Махмудов, Алмаз уулу жана Денис Петрашов Олимпиадага катушууга укук алган.
– Кара-Суудагы жеке менчик бажы терминалы мамлекетке өткөрүлдү. Бишкектеги «Томми Молл» борборунун 336 млн сом турган жана аянты 1600 чарчы метрге жеткен бөлмөлөрү мэрияга өткөрүп берилди. Кербен шаарынын борбордук базары мамлекетке кайтарылды, анын баасы 23 млн сом экен.
– Ошто 4 кабат имараты бар 366 чарчы метр жер тилке мамлекетке кайтарылды, жалпы баасы 50 млн сомдон ашык экен, Кызыл-Кыяда дагы баасы 8 жарым млн сом турган жана аянты 4 миң чарчы метрден ашкан жер мамлекетке өткөрүлдү.
– Депутат Элдар Абакировдун айтымында, азыр Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала үй-бүлөдөн тышкары төрөлөт.
– Өкмөт – жылуулук жана ысык суу үчүн тарифти көтөрүүнү сунуштады. Аянты 80 чарчы метрден ашык үйдө жашагандар ар бир чарчы метр үчүн өзүнчө төлөй баштайт.
– Бишкектеги Орус драмтеатрында ремонттон кийин кичи сахна ачылды, ага 100 көрүүчү батат, биринчи оюн 11-майда коюлат экен.
– Жогорку кеңеш мартта кабыл алып, өткөн аптада президент кол койгон мыйзамга ылайык, аскерий адамдар эми кызматтык үйлөрүн менчиктештире алат. 20 жыл жашаш керек.
– Ошто мектеп окуучуларынын Манаска арналган иш-чарасы болуп, 3 миң улан-кыз Манасты кыргыз жана англис тилдеринде айтты.
– Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион июндан тартып сентябрга чейин кайра курулмай болду.
– Бишкектин вице-мэри Байгончоковдун айтымында, шаардык унаадагы джл кирени 25 сомго чейин көтөрүш керек. Эртеси мэрия – андай пландар жок деп билдирди.
– Электроунааларга жашыл номер жана алардын ээлерине жеңилдик берүү тууралуу мыйзамга кол коюлду.
– Гонконг шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия чемпионатында Эрлан Шеров коло медаль утту.