УКМК тарабынан Талас Мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында, ТалМУнун ректору У.А.Ш. жана башкы бухгалтери К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра ТалМУнун жетекчилигине 6 миң сом өлчөмүндө “белги” (отметка) катары кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталды.
Мындан тышкары, аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.
Ошондой эле, А.У.Ш. кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген.
Ыкчам-иликтөөнүн алкагында жогорудагы адамдардын иштеген жана жашаган жери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык У.А.Ш. Талас ОИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда жогорудагы мыйзамсыз фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.