Кумшекер, ун же өсүмдүк майы болобу, дүйнөдө кандай кымбаттап жатса, биз да анын кесепетин көрүп жатабыз. Эгерде чаралар көрүлбөгөндө азыркы баа дагы 30 пайызга жогоруламак. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Биринчи радионун» эфиринде азык-түлүктүн баасынын кымбатташы боюнча билдирди.
«Салыктык маневрларды колдонгондо, мисалы, кошумча нарк салыгынан бошотулганда автоматтык түрдө 12 пайызга арзандап жатат. Импорттук пошлинаны чыгаргандан кийин 15 пайызга түшүүдө. Эгерде ушундай чараларды көрбөгөндө азыркы баа дагы 30 пайызга өсмөк. Биздеги эң керектүү азык-түлүк товарлардын баары толугу менен биржалык товарлар. Эгерде кайсы бир товар биржада кымбаттаса, бизде да анын баасы өсөт. Кумшекер, ун же өсүмдүк майы болобу, дүйнөдө кандай кымбаттап жатса, биз да анын кесепетин көрүп жатабыз. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша салыктан бошотуп же жеңилдетип жатабыз», — деди министр.