Эл аралык баңги топтордун биринин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагынан Кыргызстандын эки жараны кармалып, алардан жалпы салмагы 10 кг Ооган тектүү гашиш баңгизаты табылып алынган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган баңгизатын Талас облусунун Казакстан менен чектеш аймагынан К.Е.Б. аттуу Казакстандын жараны, Казакстанга контрабандалык жол менен алып кирип сатууну көздөгөнү аныкталган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-августта “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда коңшу мамлекеттердин биринин жараны кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнч ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.