26-декабрда жубайын өлтүрүүгө шектелген жаранга Талас шаардык соту өкүм чыгарып, 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Талас облустук сотунан тастыкталды.
Билдирүүгө ылайык, шектүү Жазык кодексинин 112-беренеси (адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында Тез жардам кызматынан билдирүү түшүп, анда 1992-жылы туулган келин өз үйүндө каза болгондугу маалым болгон. Ыкчам тергөө тобу барып текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары анын күйөөсү аныкталган.