Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы жана Байтик Баатырдын 200 жылдык мааракесине карата Чуй облусунун Аламүдүн районунун Чуңкурчак жайлоосундагы боз үйлөр шаарчасы тигилди.
Анда Жалал-Абад облусу да өзүнүн ордосун уюштуруп, жалпы 7 боз үй тикти. Ага катар Хан ордосуна улуттук жасалгаланган 2 боз үй орнотту. Иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун делегациясы элдик кол-өнөрчүлүк, этно базар жарманкеси, улуттук салттуу ырлар, ылдам боз үй тигүү, күл азык улуттук тамак-аш кароо сынактарына катышат.
Белгилей кетсек, Чуңкурчак жайлоосунда салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышат.