Алдамчылык аракеттери үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алдамчылык иши менен Жалал-Абад облусунун тургуну К.С. аттуу жаранга издөө жарыяланган. Шектүү бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.