Ар бир адам ден-соолугунун чың болушуна өзү жоопкерчилик алуусу зарыл. Негизги маселе кантип ден соолукту чыңдоо керек? Ден соолук үчүн майда, бирок маанилүү нерселерге көңүл буруңуз.
- Жумасына жок дегенде бир жолу балыктан даярдалган тамактарды жеп, жүрөк менен мээнин жакшы иштешине шарт түзүңүз.
- Күнүгө эртең менен бир чай кашык бал жеп туруу менен иммунитетиңизди көтөрүп оорулардын алдын аласыз
- Эртең менен эрте туруп, көнүгү жасап, таза абада чуркоону унутпаңыз
- Түнкү уйкуга 8 сааттык уйку бөлүп, бир маалда жатып, бир маалда турганды адатка айлантыңыз. Толук кандуу уйку гана физикалык күчүңүздү калыбына келтирип, мээңизди эс алдырат.
- Кимдир бирөөгө ачууңуз келсе, аны ичиңизге катып жүрө бербей болушунча сыртка чыгарып, айтып алганыңыз оң.
- Телефон аркылуу 3-4 мүнөттөн ашык сүйлөшпөө керек. Көп сүйлөшүү баштын, көздүн, кулактын оорусуна алып келет
- Кучакташуунун өмүрдү узартары далилденген. Жакын адамдарыңызды кучактап туруңуз.
Жана башка ыкмаларды адатка айлантып, күн сайын аткарып турсаңыз жашооңуз жаркын болуп, бактылуу жашоо күтүп турат.