Таласта 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип айылдашы кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-август күнү Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын 2003-жылы туулган У. А. арыз менен кайрылган. Анын арызында 2022-жылдын 5-февралдын түнүндө үйүнөн Майрамбек аттуу киши белгисиз тарапка алып барып, колу- бутун кайрып машинаны кулптап зордуктады деп билдирген.
Аталган арыз Бакай-Ата РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүү учурунда арызда көрсөтүлгөн жаран Оро айыл аймагынын Кыргызстан айылынын 1979-жылы туулган С.М. экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча тергөө бөлүмү тарабынан КЖКнин 156-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү шектүү кармалып, убактылуу кармоочу изоляторуна камакка алынган.
Учурда тергөө жана иликтөө иш аракеттери жүрүүдө.