Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпы отчет берди. Айрым депутаттар «маалыматты аралаштырып так айтып бербеди»,- деген сөздөрдү айтышып нааразы болушту. Ага жооп кылып Балбак Түлөбаев менен Кундузбек Сулайманов жөн эле кыйкым чыгара бербөөнү суранышты.
“Урматтуу төрага, урматтуу депутаттар, кабинет башчысы бизге жалпы өкмөттүн саясатын түшүндүрдү. Өкмөт, экономика, саясат кайсыл жака алып бара жатат бул боюнча баарын айтып берди. Эми ушул нерседен кыйкым издеп анан «сен жакпайсын», «мен жагам», «эмне чогу келдиңер», «кайра чогу кеткиле» деп жатасыңар, ушул кантип болсун эми? Мен өкмөттүн баарын чогу көргүм келип жатат, эмне кылам? Көргүсү келбегендер бара берсин. Жөн эле кыйкым таба берген болбойт да эми. Бул жакта башка көз караштагы депутаттар деле бар да»,- деди Балбак Түлөбаев.
Ал эми, Кундузбек Сулайманов, менин сөзүмдү Балбак Зарлыкович айтып койду. Сиздерге жакпай жатса, анда сунуш бериңиздер. Мындай кылган болбойт, тигиндей кылган болбойт деп комментарий бербеңиздер. Балким бизге жагып жаткандыр, каяктан билесиңер?”,- деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram