Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сыймык Бейшекеев 7- каналда конокто болду. Ал өзүнүн кесиптештерине арнап жазган ырын окуп берди.
Булбул үндүү ырыскылаш асылдарым,
Буйруп тагдыр, силер менен жакындадым.
Булар ырдаар, ырлар али ырдала элек,
Бурганагың токтот тагдыр, шашылбагын.
Алтын үндүү жез таңдай асылдарым,
Алла буйруп, силерге мен жакындадым.
Азыр жакшы ырлар али ырдала элек,
Аста тагдыр, тизгин тарткын асылбагын.
Шашпа мезгил, жайлатчы агымыңды,
Шамын үйлөп өчүрбө жарыгымды.
Шамал бороон бир топторун жулуп кетти,
Шарт кескендей, кыйып күрөө тамырымды.
Аста убакыт, жайлатчы агымыңды,
Азыр эрте тоспой тур жарыгыңды.
Асылдарым эң мыкты ырын ырдай элек,
Ал күч берип, зырп эткизээр тамырыңды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram