7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбак Түлөбаев ЖЭБдеги от казандарын газга өткөрүү максатында меморандумга кол койду

282

Бишкек шаарында ыш көйгөйү актуалдуу бойдон калууда. Бул маселени чечүүнүн жолу катары борбор калаадагы көмүр менен жылытылган объекттерди газга өткөрүү керектиги айтылган. Бүгүн, 28-январда шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардагы 19 от казандарын газга өткөрүү максатында «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен меморандумга кол койду.

«Акыркы убактарда Бишкекте ыш маселеси пайда болду. Ошондон тарта бул көйгөйдү чечүү максатында иштерди жүргүзүп келе жатабыз. Көйгөйдү эки тармак чечиши керек. Бири өкмөт, бири муниципалитет.

Муниципалитет өзүн иш-чараларын аткарып жатат. Бүгүн мына «Газпром Кыргызстан» менен меморандумга кол койдук. Азыркы учурда борбор калаадагы 23 от казанды алмаштырабыз. Алардын баары көмүр менен жылытылган от казандар болчу, булардын баарын газга өткөрөбүз. Буюрса, 20-октябрга чейин бул иштер бүтөт.

Экинчиден, Бишкектин жаңы конуштарындагы бардык мончолорду газ менен жылытууга өткөрөбүз«, — деди Балбак Түлөбаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

283