7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдар ата-энесин сотко берсе болобу? Мыйзам сунушталды

2777

Кечээ, 29-июль Жогорку Кеңеш түнкү саат 20:30га чейин иштеп, 27 маселени карады. Алардын ичинде балдардын укугун коргоо жана кам көрүүгө багытталган мыйзам долбоору да бар.

Бир катар тийиштүү ведомстволор жана эл өкүлдөрүнөн турган топ сунуштаган мыйзам долбоорунда, «Балдар өз ата-энесин сотко бере алат-деп сунушталган.

Депутат Улугбек Ормонов, мыйзам кабыл алаарда салттык-маданиятты эске алуу зарылдыгын эскертип, балдарды өз ата-энесин сотко берүүгө үндөө жакшылыкка алып келбесин айтты.

«Батыштын баалуулуктарын көбүрөөк кабыл алып, өзүбүздүн ким экендигибизди унутуп калдык. Кодекс кабыл алаарда салтту маданиятыбызды эске алсак жакшы болмок. А биз ушундай мыйзамдар менен балдарыбызды бузуп жатабыз. «Атаң урушса сотко бер деп», -дейт Ормонов.

Ал эми эл өкүлү Айсулуу Мамашева буга каршы пикирин билдирди.

«Албетте ата-энеси сыйлаш керек, бирок ата-эне да баласын сыйлаш керек, урбаш керек. Биз балдарды коргошубуз керек да»- деди Мамашева.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2778