Бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балакчы шаары жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусу, Кара-Тала, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, турак үйлөрдү суу каптап ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон.
“Ысык-Көлдүн түштук жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери селден жабыркады. Ал эми көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык. Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Б.Ажикеев, ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кетишти. Азыркы учурда Балыкчы шаардык ӨК бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң районунун ӨК бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар катталган эмес. Толук маалымат берилет”, — деп жазылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram