7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бали! Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатында алтын утту

507

Кыргызстандын эркин күрөш курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медалын жеңип алды.

Кыргызстандык балбан 61 кг салмак категориясында турнирдин экинчи айлампасынан тартып катышып, алгач 1/8 финалда Түндүк Кореялык атаандашы Кум Чол Рини 5:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалга чыккан. Жарым финалда ал ирандык Резу Атринаргхарчи 11:7 эсебинде артка калтырган.

Ал эми алтын медаль үчүн күрөштө кыргыз балбаны казакстандык атаандашын 3:1 эсебинде утуп, экинчи ирээт Азия чемпиону аталды. Ал былтыр дагы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында биринчиликти алган.

Белгилей кетсек, кечээ турнирдин биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) коло медаль утушкан.

Эске салсак, ушул тапта “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

  • 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш,
  • 13-14-апрель кыз-келиндер арасында,
  • 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.

508