7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда өспүрүм кызды сүзүп кетти делген милиция башчысына издөө жарыяланды

531

Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казакович издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда, Балыкчы ШИИБнүн кызматтык унаасынын катышуусундагы жол-транспорт кырсыгы фактысы боюнча, шаардык прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

27-январда ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Кылмыш ишин тергөө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен, УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыялады.

Издөөдө жүргөн Б.К.Осмонбаевдин жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына, Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148а дарегине, же 0(3922) 51180 жана 0(555)540052 телефондоруна кайрылыңыздар.

 

532