7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
99,90
EUR 0,00%
1,17
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
13°C

Башка жарандын паспорту менен Түркияга учууга аракет кылган кыз кармалды

589

Бишкекте «Манас» аэропортунан башка бирөөнүн паспорту менен Түркияга учууга аракет кылган кыргызстандык кыз кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Стамбул каттамындагы №349 рейсти каттоо учурунда ал чек арачыларга башка бирөөнүн чет элдик паспортун тапшырган. Текшерүүчүлөр паспорттогу сүрөт документтин ээсинин сырткы келбетине окшош эместигин ачыктаган.

Кармалган жаран 26 жашта. Анын айтымында, Түркияга кирүүгө тыюу салынгандыктан, ал башка бирөөнүн паспортун колдонууну чечкен. Ал каттоого алынгандан кийин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

590