Башкортостанда карылар үйүнөн өрт чыгып 11 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазышууда.
Белгилүү болгондой, өрт 15-декабрга караган түнү Башкортостандагы Ишбулдино айылынан чыккан. Алдын ала маалыматтарга караганда өрт чыккан үй оор кырдаалга кабылган кары-картаңдар баш калкалоочу жай болгон. Кырсык шалаакылыктын айынан келип чыгышы мүмкүн.
«Өрт чыккан үйдүн узуну 9, туурасы 8 метрге жетип, жыгачтан салынган. Жалпы 16 адамдын ичинен 5 адам өрт өчүрүүчүлөр келгенче өз алдынча үйдөн чыгып кетүүгө жетишкен. 11 адамдын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылды. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү», — деп жазылат маалыматта.
Айрым маалымат булактары жазгандай, аталган үйдө кары-картаңдарга туруктуу жашоого уруксат берген лицензия болгон эмес. Үй убактылуу жардам алууга гана ылайыкталган. Башкортостан Республикасында өзгөчө кырдаал жарыяланып, прокуратура тарабынан «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.