Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 2025-жылдын 10-январына чейин камоо чечимин чыгарган.
Кубан Адыл уулу «Массалык башаламандыкка даярдык көрүү», «Уюшкан топко катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо», «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айыпталууда.