Ички иштер министрлиги батир уурулугун алдын алуу үчүн бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштады.
“Батир уурулугу негизинен үйдү кароосуз калтырган учурда катталат. Уурулардын бардыгы бирдей ыкмаларды колдонушат: кулпуларды бузуу, ачкычтарды жасоо, алдыңкы эшикти бузуп кирүү, терезелерди ачуу” — деп айтылат маалыматта.
ИИМдин кеңештери:
— үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз;
— видеокөзөмөл орнотуңуз;
— муляж орнотуу мүмкүн-кылмышкер камеранын туташкандыгын текшербейт;
— эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу — түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезеге торлорду орнотуңуз;
— балдарыңызга бейтааныш адамдарга эшикти ачпоого үйрөтүңүз;
— сырттан келгендерди турак жайга киргизбеңиз. Эгерде адам өзүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, анын өздүгүн текшериңиз, документтерди сураңыз, уюмга чалыңыз;
— кире бериштин жана батирдин кире бериш эшиктери бекем жабылышы керек;
— бышык эшиктерди орнотуңуз. Эшик сыртка ачылып, темир менен жабдылышы керек, кулпулар, жок эле дегенде, эки жана ар кандай түрлүү болушу керек;
— кире бериште толук жарык болушу керек;
— жакшы мамиледе болгон кошуналардан батирдин эшигинин бүтүндүгүнө көңүл бурууну, керек болсо чала турган байланыш телефондорун калтырууну сурануу керек;
— мүмкүн болсо, узак убакытка кеткенде батириңиздеги эң баалуу буюмдарды үйдө сактабаңыз;
— Батирдин ачкычтарын килемдин астына, электр тогуна же башка шарттуу жерлерге, айрыкча эшиктин жанына калтырбаңыз.