Учурда Баткен облусу боюнча саат 11:00гө карата жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 209 тн гумжардам жеткирилип, Анын 153 тоннасы жерине жеткирилген.
«Брдык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат. Аллар: Ош облусунда — 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында -1, Бишкек шаарында – 1 пункт»,-деп берилет маалыматта.