7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды

454

Баткен облусунда 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

«16-сентябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арачыларынын куралдуу кагылышуусунан улам жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, тургундарды эвакуациялоо башталган.

Калкты эвакуациялоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатат. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатышат.

Азыркы учурда алдын ала маалымат боюнча жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланды. Алар: Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун, Раззаков шаарынын тургундары.

Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 2800гө жакын жаран Дароот-Коргон жана Кашка-Суу айылдарына эвакуацияланган. Эвакуация боюнча маалымат кошумча такталууда.

Баткен облусунда эвакуацияланган жарандарга тамак-аш, гигиеналык каражаттар топтому жана жууркан-төшөктөр Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жеткирилүүдө. Учурда Бишкек шаарында 5 жерде жана Ош шаарынын мэриясында пунктары ачылып, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Баткен облусуна күйүчү май, ун, шекер, суу май бөлүнүп берилди.

Ал эми БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 400 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин маалымдашты. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери, Кызыл-Ай коому, Чек арасыз дарыгерлер коомдору жарандарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

455