7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланды

654

Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:00гө карата маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган. Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.

Ошондой эле Баткен облусуна жалпы 775 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 478 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 51 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

— Ош облусунда – 44;
— Жалал-Абад облусунда– 12;
— Нарын облусунда – 6;
— Ысык-Көл облусунда – 69;
— Талас облусунда – 43;
— Чүй облусунда – 12;
— Ош шаарында –1;
— Бишкек шаарында – 1.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

655