Баткен облусунда дары-дармектер жана медициналык каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо минисрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек жана медикаменттер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча активдүү иш алып барууда. Мындан тышкары, департаменттин Түштүк бөлүмүнөн да дары-дармектер жана медикаменттер чогултулуп, Баткен облусуна жөнөтүлүүдө»,-деп берилет билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 16-сентябрдан тартып Баткен облусуна керектүү дары-дармектер жана медикаменттер жөнөтүлүүдө.