7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Камчыбек Ташиев барымтага алынды деген билдирүү жалган

832

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун аймагында кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү органдардын жана күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоону улантууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

«Социалдык тармактардагы УКМКнын башчысы барымтага алынды, кол алдында иштеген адамдар аны 16-сентябрдан бери көрүшкөн эмес деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал кечээ, 16-сентябрда кечинде Баткен облустук штабында түз эфирде акыркы кырдаал боюнча маек берген. Ага жалпы коомчулук күбө болгон», — деп айтылат маалыматта.

УКМК Кыргызстандагы кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузууга кызыкдар тышкы күчтөр тарабынан жигердүү таркатылып жаткан ар кандай жалган жана туура эмес маалыматтарга ишенбөөнү суранат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

833