7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Кулубаев КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды сүйлөштү

466

Бүгүн, 17-сентябрда Министр Жээнбек Кулубаев КМШнын Аткаруу комитетинин Төрагасы – Аткаруучу катчысы С.Лебедев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаалды талкуулашты.

Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтарды берип, Кыргыз Республикасынын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Өз кезегинде С.Лебедев кыргыз-тажик чек арасындагы болуп жаткан окуялар олуттуу тынчсызданууну жаратып жатканын белгилеп, ошондой эле бул маселе боюнча КМШнын түзүмдөрү менен консультацияларды өткөрөрүн билдирди.

С.Лебедев Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин жана жарандардын курман болгондугуна байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтуу менен бирге, биргелешкен күч-аракет менен жаңжалды тез арада чечүүнүн жолдору табылаарына ишеним билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467