УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 21:00гө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.
Маалыматка ылайык, саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.
Ал эми саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу «Гулистон-авто жол» (ТР) өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.
УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.