7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев: «Президент кырдаалды көзөмөлдөп, тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө»

361

«Президент Жапаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды көзөмөлгө алууну улантып, чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө». Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Зарыл маалыматтар бардык түзүмдөрдөн туруктуу негизде келип турат. Минкаб төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жеринде жүрүшөт.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ар кандай деңгээлдеги жаракат алгандарга зарыл жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Өзгөчө оор абалдагылар Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык мекемелерге аба транспорту жана унаалар менен которулууда.

Ошондой эле, тийиштүү мамлекеттик органдарга коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн тургундарды тиешелүү шарттар менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Мезгил-мезгили менен тажикстандык аскер кызматкерлери тарабынан аткылоо жүргүзүлүүдө. Ошого карабастан жалпы күч-аракеттер менен аткылоону толук токтотууга жана маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракет көрүлүүдө.

Күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери оор техникаларды жана аскер кызматкерлерин туруктуу жайгашкан жерлерине толук алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө»,- деди Султанбаев.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

362