
Баткен облусундагы «Кызыл-Бел» өткөрмө пунктунун нөөмөт башчысы М.Т кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жеке ишкер «Кызыл-Бел» өткөрмө пунктунун кызматкерлери пара талап кылып жаткандыгын айтып Финполго кайрылган.
«26-январда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кызыл-Кыя шаарынын «Кызыл-Бел» өткөрмө пунктунун нөөмөт башчысы М.Т. пара алып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, кармалган кызмат адамынын унаасын тинтүү учурунда, болжол менен 100 миң сомдук акча каражаттарын табышкан»,— деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 326-берененин (Пара талап кылуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.